Массалык камоо. Ачкачылык жарыялап жаткан Нурлан Асанбеков үй камагына чыгарылды

Кемпир-Абад маселеси боюнча кармалган Нурлан Асанбеков аттуу жаран үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Буга чейин анын жактоочусу анын ачкачылык жарыялап, 21 килограммга арыктап кеткенин айткан. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги укук коргоочу Азиза Абдирасуловага кайрылганыбызда, анын 11 күндөн бери ачкачылык жарыялап, суу да ичпей жатканы маалым болгон.

Буга чейин Нурлан Асанбековдун Кемпир-Абад маселесине эч кандай тиешеси жоктугу, анын экс-депутат Равшан Жээнбековдун үйүн оңдоп жүргөн уста экендиги маалымдалган.