Массалык камоо. Асия Сасыкбаева менен Мамбетжунус Абылов үй камагына чыгарылды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Асия Сасыкбаева менен Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөсү Мамбетжунус Абылов үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди бүгүн, 12-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды.

Экс-депутат 20-июнга чейин үй камагына чыгарылганын журналисттерге билдирди. Асия Сасыкбаева башка комментарий берген жок.

Жактоочу Чынара Жакупбекова анын ден соолугуна байланыштуу бошотулганын билдирди. Сот акыры айыпталуучунун жашын да эске алган.