Массалык камоо. Гүлнара Журабаева камакта калтырылды

Бүгүн, 9-ноябрда Бишкек шаардык сотунда БШКнын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаеванын жактоочусунун аппеляциялык арызы каралды. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине аталган соттон билдиришти.

Маалыматка караганда, Биринчи Май райондук соттун чечими күчүндө калтырылган. Жактоочунун арызы канаттандырылган эмес.

Гүлнара Журабаева 23-октябрда кармалган. Ал бийликти мыйзамсыз басып алууга шектелүүдө.