Массалык камоо. Жеңиш Молдокматов камакта калтырылды

Бишкек шаардык соту “Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовдун баш коргоо чарасын карады.

Адвокат Кантемир Турдалиев борбор калаанын Биринчи Май райондук сотунун чечимин жокко чыгарууну өтүндү. Ал түшүндүргөндөй, Жеңиш Молдокматов Бишкектеги СИЗО-1ге экинчи жолу киргизилген. Буга чейинки кылмыш ишинде ал үй камагында болуп, тергөө иштерине тоскоолдук кылган эмес. «Сиз эки жашы жете элек баласы бар адамды бошоттуңар. Бул да ушундай абалда. Кичүү баласы үч жашка да чыга элек. Молдокматов үй камагында болсо, тергөөнүн жүрүшүнө тоскоолдук кылбайт, бардык сурактарга өз убагында келет», — деди Кантемир Турдалиев.

Кеңешме бөлмөсүнөн чыккан судьялар Мирад Динеев, Назгүл Илиязова жана Алмаз Карабеков мурунку инстанциянын чечимин күчүндө калтырды.