Массалык камоо. Камактагы Айтбаевди колдоо үчүн сотко Масалиев менен Мадумаров барды

Бишкек шаардык соту “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Акыл Айтбаевдин камалышынын мыйзамдуулугун карады.

Кармалган активистти депутаттар Адахан Мадумаров менен Исхак Масалиев колдогону келишти. Отурумда адвокаттар Акыл Айтбаевди камоо чечимин мыйзамсыз деп табууну суранышты. Бирок соттук коллегия мурунку инстанциянын чечимин күчүндө калтырган. Бул чечимге комментарий берип жатып, Адахан Мадумаров соттор залда формалдуу түрдө отурганын, чечимди окуу үчүн гана судья коюлганын билдирди. «Аларда баары жазылган. Тилекке каршы, бул чындык”, — деди Адахан Мадумаров.