Массалык камоо. Перизат Суранова менен Али Шабдан да камакта калтырылды

Бүгүн, 9-ноябрда Бишкек шаардык сотунда активисттер Перизат Суранова менен Али Шабдандын жактоочусунун аппеляциялык арызы каралды.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Бишкек шаардык сотунан билдиришкендей, эки активист тең камакта калтырылган, тактап айтканда, Биринчи Май райондук соттун чечими күчүндө калтырылган. Жактоочунун арызы канаттандырылган жок.