Массалык камоо. Рита Карасартова камакта калтырылды

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кемпир-Абад окуясы боюнча кармалган укук коргоочу Рита Карасартованын камактагы мөөнөтүн узартуу боюнча тергөөчүнүн арызын карады.

Айыпталуучунун жактоочусу укук коргоочуну камактан бошотууну суранды. Сот Рита Карасартованы камакта калтырды. Ал 20-июнга чейин Бишкектеги СИЗО-1де болот.

Рита Карасартова мындай чечимге макул эместигин билдирди. «Ар бир адам эркиндикти каалайт. Кемпир-Абад боюнча пикирибизди айтуу, маалымат берүү биздин конституциялык укугубуз», — деди ал.