Массалык камоо. Тергөө абагында ачкачылык жарыялагандардын саны 19 адамга жетти

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова тергөө абагында жаткан саясатчы, жарандык активисттердин ачкачылык жарыялап жатканын айтып, алардын саны 19га жеткенин жазды.

Бирок укук коргоочу алардын аты-жөнүн жарыялаган жок. Ал эми кечээ, 14-декабрда 7 адамдын ачкачылык жарыялаганы маалым болгон.

1. Карасартова Рита Рахмановна;
2. Сооронкулова Клара Сыргакбековна;
3. Суранова Перизаткан Юлдашалиевна;
4. Нарматова Орозайым Көчкөнбаевна;
5. Маматаев Улукбек Каламатович;
6. Асанов Бектур Жантөрөевич;
7. Дүйшебаев Кеңешбек Асанбекович.