Массалык камоо. Таалайбек Мадеминов менен Клара Сооронкулова да камакта калтырылды

Бүгүн, 10-ноябрда Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад боюнча кармалган жарандык активист Таалайбек Мадеминов менен Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын жактоочусунун апелляциялык арызын карап, камакта калтырды.

Кеңешме бөлмөсүнөн чыгып, судья чечимди окуду, ага ылайык Биринчи Май райондук сотунун чечими күчүндө калтырылды.