Бишкектин Биринчи Май райондук соту камактагы жарандык активисттер, саясатчылардын баш коргоо чарасын кароону улантууда. Буга чейин алар массалык баш аламандык уюштурууга даярданган деген шек менен камакка алынган.
Сот СИЗО-1ге 23-февралга чейин калтырды:
— саясатчы жана Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаров;
20-февралга чейин:
— Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматова;
— жарандык активист Улугбек Маматаев;
— жарандык активист жана ишкер Илгиз Шаменов;
— жарандык активист Акыл Айтбаев;
— жарандык активист Нурлан Асанбеков үй камагында калтырылды;
— журналист жана саясат таануучу Айданбек Акматов;
— жарандык активист Чыңгыз Капаров;
— блогер Али Шабдан;
— Талас облусунун мурдагы башчысы Айбек Бузурманкулов;
— жаш саясатчы Жеңиш Молдокматов;
— жарандык активист Марат Баязов;
— мурдагы депутат Кубанычбек Кадыров;
— жарандык активист Эрлана Бекчоро уулу;
— БШКнын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева.