Матраимов сотто коррупция боюнча коюлган айыпты моюнуна аларын билдирди

Бүгүн, 11-февралда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун коррупцияга байланыштуу иши боюнча сот отуруму өтүп жатат.

Матраимов сотто көрсөтмө берип жатып күнөөнү моюнуна аларын айтты.

Айыпталуучу тергөө менен кызматташууга макул болгондуктан териштирүү жүргүзүлбөстөн дароо жарыш сөз башталары айтылды.

Прокуратуранын өкүлү Матраимов мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толугу менен толтурулганын, ага 260 миң сом өлчөмүндө айып пул төлөтүү түрүндө жаза чегерүүнү өтүндү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 2020-жылдын 17-октябрында Мамлекеттик бажы кызматындагы коррупция боюнча кылмыш ишин козгоп, анын алкагында 20-октябрда Райымбек Матраимовду кармаган. Ошол эле күнү мекеме кылмышка шектүүнү үй камагына чыгарып, муну мамлекетке келтирилген 2 миллиард сом чыгымды төлөп берүү жөнүндө убадасы менен негиздеген.