Матраимовдун өкүл баласы мамлекетке келтирген зыянды төлөп бергенин соттон маалымдашты

УКМК тарабынан кармалган Райымбек Матраимовдун өкүл баласы мамлекетке келтирген 1 миллион 34 миң сомго жакын зыянды төлөп берди. Мындай чечимди Ош шаардык соту кечээ, 13-январда кабыл алып, Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидиновду үй камагына чыгарган.

Ал 11-январда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалган эле. УКМКнын маалыматы боюнча, Савай айылында жайгашкан мектептин спорттук залын курууда аткарылган иштин баасы жалпы 1 миллион сомдон ашуун каражатка ашыра көрсөтүлгөн. Сайпидинов жогорудагы иштен тышкары уюшкан кылмыштуу топту түзүү фактысы боюнча күбө катары өтүп жатканы да маалым болгон эле. Савай айыл өкмөтүнүн башчысы 4-октябрдагы парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесинде депутаттыкка талапкер болуп катышкан.