Жалал-Абад шаарындагы мечиттин аймагын мыйзамсыз менчиктештирип алгандыгы үчүн муфтияттын адиси кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, Жалал-Абад шаарындагы «Соолихин» мечитинин аймагындагы жер тилкесин мыйзамсыз ээликтен ажыратуу фактылары аныкталды. Текшерүүнүн жүрүшүндө 2016-жылы аталган «Соолихин» мечитинин мурдагы имамы, муфтияттын адиси жана Сузак районунун Ырыс айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы ич ара коррупциялык схеманы уюштурушкан. Анын натыйжасында мурда мечиттин унаа токтотуучу жайы катары колдонулуп келген аянты 350 чарчы метр жер тилкеси жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылып, андан соң КМДБнын адисинин менчигине кайра каттоодон өткөрүлгөн. Аталган жарандардын бул аракеттеринде одоно мыйзам бузуулар орун алып, ошондой эле аукцион өткөрүү тартиби сакталбаган. Бул көрүнүш кызмат абалынан атайылап кыянаттык менен пайдаланууну жана коррупциялык схеманы ишке ашырууну айгинелейт.
Кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында КМДБнын адиси УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Ал эми мечиттин мурдагы имамы жана мурдагы айыл өкмөт башчысына карата үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.