Мечиттен 77 миңден ашык акча уурдап кеткен шектүү кармалды

Баткен облусуна караштуу Сүлүктү шаарындагы мечиттин сейфин талкалап, 77 миң сомдон ашык акчаны уурдады деген шек менен 27 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-февралга караган түнү Сүлүктү шаарындагы “Нур-Вали” борбордук мечитинин темир сейфин белгисиз бирөөлөр талкалап, сейфтин ичиндеги 77 миңден ашуун акчасын уурдап кетишкен.

Мындан улам аталган факты Сүлүктү шаардык милициясынын кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

“Кылмышка шектүү катары Кулуңду айылдык базарынан мурда сот жообуна тартылган Лейлек районунун Ак-Арык айылынын 24 жаштагы К.Б.аттуу жараны кармалды. Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары кармалган жаран шаар аймагындагы мечиттерге орнотулган садака кутучаларынын ичиндеги акчаларды уурдап жүргөндүгү аныкталды”,- деп билдиришти облусттук милициядан.

 Учурда шектүү жигит убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.