Медет Садыркуловдун өлтүрүлүшү. Санжар Сапарбеков 14 жылга эркинен ажыратылды

Президенттик аппараттын экс-жетекчиси Медет Садыркуловду өлтүргөн деп айыпталган Санжар Сапарбеков 14 жылга эркинен ажыратылып, 15 миң сом айыпка жыгылды. Мындай чечимди бүгүн, 18-ноябрда Аламүдүн райондук сотунун судьясы Бекболот Жаналиев чыгарды.

Сот Сапарбековду адам өлтүрүү, мыйзамсыз камоо, документтерди жана башка адамдардын мүлкүн жок кылуу боюнча күнөөлүү деп тапты. Ал жалпы режимдеги колонияда кармалат.

2021-жылдын ноябрь айында Медет Садыркуловдун өлүмүнө шектүү Санжар Сапарбеков кармалганын ИИМден маалымдашкан.