Медет Садыркуловдун өлүмү. Айыпталуучу акыркы сөзүн айтты

Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунда президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмүнө шектелген Санжар Сапарбековго карата соттук териштирүү аяктады. Соттук отурумга судья Бекболот Жаналиев төрагалык кылууда.

Айыпталуучу сот алдында акыркы сөзүн айтты. «Урматтуу сот, менин бул кылмышка катыштыгым тууралуу иш боюнча эч кандай далил жок, анткени мен ал жерде болгон эмесмин. Мен күнөөлүү эмесмин. Мага каршы эч кандай буюм далилдери жок. Мен каза болгондордун жакындарына да кайрылгым келет. Чын жүрөктөн көңүл айтам. Жакыныңызды кайтара алчу эч кандай сөз жок. Сотто ал окуяларды кайра башынан өткөрүүгө туура келип жатат. Ага карабай ар бир сот отурумуна катышып жүрдүңүз. Мен сиздерге ыраазымын. Мен үчүн бул ишке тиешеси жок экенине ынанганыңыз маанилүү», — деди ал.

Сот өкүм чыгаруу үчүн кеңешүү бөлмөсүнө чыгып кетти.

2021-жылдын ноябрь айында Медет Садыркуловдун өлүмүнө шектүү Санжар Сапарбеков кармалганын ИИМден маалымдашкан.