Медет Садыркуловдун өлүмүнө шектелген жаран күнөөнү мойнуна алган жок

Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунда Бакиевдин президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловду өлтүрүүгө шектелген Санжар Сапарбековго карата соттук отурум 12-февралга жылдырылды.

Соттук отурумга судья Бакыт Касымалиев төрагалык кылууда. Кылмышка шектүү сотко жекирилди. Сапарбеков ага коюлган айыптарды мойнуна алган жок. Ал эми анын жактоочусу күбөлөрдү суракка алууну суранды. Бирок судья Касымалиев соттук отурумга бөлүнгөн убакыт аяктагандыктан, отурумду 12-февралга жылдырды.

2021-жылдын ноябрь айында Медет Садыркуловдун өлүмүнө шектүү Санжар Сапарбеков кармалганын ИИМден маалымдашкан.