Медет Садыркуловдун өлүмүнө шектүү Санжар Сапарбеков кармалып, камакка алынды

Бакиевдин президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмүнө шектүү Санжар Сапарбеков кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Маалыматка караганда, ИИМдин Тергөө кызматы Садыркуловдун өлтүрүлүшү боюнча кылмыш ишин иликтеп жатат.

«26-ноябрь күнү ИИМдин кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары Сапарбеков кармалды. Ал Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал эми 27-ноябрь күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан шектүү 2022-жылдын 26-январына чейин камакка алынды», — деп айтылат маалыматта.