«Медик болом дечү». Ак-Сууда 18 жаштагы кыз каза болгон окуя тергелип бүттү

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 8-февралда 3 дарыгер жумуш ордунда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Андан соң соттун чечими менен алар үй камагына чыгарылган. Окуя боюнча милициядан дарыгерлердин 18 жаштагы кыздын өлүмү боюнча кармалганын билдиришкен.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Теплоключенко айылынын тургуну, каза болгон 18 жаштагы кыздын атасы Абай Исмаилов менен байланышкан. Ал да окуя тууралуу айтып берген «Биз тойго кафеге барганбыз. Ошол жерде кызым дасторкондо турган майонез менен салат жеген. Ал жерде жалгыз менин кызым ууланган жок. Башка ууланган 2 кишинин оорусу жеңил өткөн. Биз 26-27-28-июлда ооруканага кайрылып, 29-июлда саат 10:00дө Ак-Суунун реанимациясына түшүп калды, саат 14:00дө Караколдун реанимациясына которулду. Караколдун реанимациясында жатып, комага түштү. Бөйрөк иштебей, гемодиализ алды. Ал жерде кызым 3 сутка — 29-30-31-июль күндөрү реанимацияда жатты. Анан «кызымдын жоопкерчилигин өзүмө алам» деп жатып, Тез жардам унаасын чакыртып, Бишкекке котордук. Бишкекте кызым 36 күн реанимацияда жатты. Күндө  гемодиализ алып турду. Кан куюлуп жатты. ИВЛ-аппаратка кошулду. Реанимацияда жаткан күндөрү 3 жолу операция жасалды. 1-операцияда жоон ичегисинин 70 пайызын кесишти. 2-операцияда ичине кан куюлуп, дагы бир ичегиси алынды. 3-операцияда жоон ичегисин толугу менен кесип салышты. 3 жолку операциядан кийин кан басымы, сатурациясы түштү. 5-сентябрда каза болуп калды», — деген ал.

Атасынын айтымында, кызы «медик болом» деп жүрчү. «Кызым 11-классты бүткөндө, Медициналык академияга тапшырууга мүмкүнчүлүгүбүз жок эле. «Медик болом» дегенинен Караколдогу медициналык окуу жайга тапшырып, бюджеттик бөлүмүнө өткөн», — деген атасы.

Бүгүн, 19-апрелде СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине иш тергелип бүтүп, сотто каралып жатканы маалым болду. Маалыматты редакцияга Ысык-Көл облустук сотунан билдиришти. Сотко материал 20-февралда түшкөнүн тастыкташты.