«Медкызмат жок, сейилдөө жок, тамакта эт жок». Токтогулдагы №52 колонияда мыйзам бузуулар аныкталды

Кыйноолордун алдын алуу борборунун Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү облустук прокуратурага кайрылды. Алар Токтогул районунда жайгашкан №52 колонияга прокурордук териштирүү жүргүзүүнү суранышты. Бул тууралуу аталган борбордон билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган абакта 2-сентябрда борбордун кызматкерлери тарабынан текшерүү жүргүзүлгөн. Жаза өтөө камерасында жаткан соттолгондордун бири эксперттик топко бутун күйгүзгөндүгүнө даттанып, анын санындагы жарааты ириңдегенин, ага медициналык жардам көрсөтүлбөгөнүн айткан. Борбордун кызматкерлери кароолчудан дарыгерди чакырууну суранышып, жарага дары сайылган. 

«22-августта дагы үч адам медициналык текшерүүсүз айып камерасына камалып, эки жумага дээрлик сейилдөөгө уруксат берилген эмес — бул жазасын өтөп жаткандарга ырайымсыз мамиленин бир көрүнүшү», — деп айтылат маалыматта. 

Текшерүү тобу башка мыйзам бузууларды да аныктады. Тамак-аш кампасында кант жана жумуртка жок, азык-түлүк блогунда «дезинфекциялоочу бурч» жана аптечка бар. Идиштер кир, кесүүчү тактайлар сынган. Ашпозчунун ден соолугу тууралуу справкасы жок (бул мыйзам бузуу колонияга болгон мурунку сапарда да белгиленген). «Түшкү тамак эти жок берилген. Бирок муздаткычта чийки эт бар болчу. Балким, мекеменин администрациясы текшерүү учурунда муздаткычка салып койгонго жетишкендир», — деп белгилешти аймактык өкүлчүлүк. Улуттук борбордун кызматкерлери прокуратурага бир нече жолу арыз жазышкан, бирок кайрылуулар эске алынган эмес.

Борбордун аймактык бөлүмүнүн өкүлдөрү акт түзүштү жана № 52 колония-поселениядагы мыйзам бузууларды четтетүү боюнча чараларды көрүү жана жазалоо өтүнүчү менен прокуратурага дагы кайрылуу жолдошту.