MegaCom: “Элиза үй буюмдары” миллиондогон акчаны шектүү түрдө жүгүркөндүктөн биз тиешелүү тараптарга кайрылдык»

“Элиза үй буюмдары” миллиондогон акчаны шектүү түрдө жүгүркөнү үчүн MegaCom  компаниясы тиешелүү тараптарга кайрылган. Бул тууралуу SUPER TV каналына MegaCom компаниясынын басма сөз кызматыныны жетекчиси Жумгалбек Өмүрканов билдирди.

Анын айтымында алдамчылыкка шектелип кармалган Б. кызы Э. колдонгон 3 номерде ондогон миллион акчаны жүгүртүлүп турган. Бул номурлардын экөөсү шектүүнүн жакындарына катталган.

“Мыйзам боюнча жеке колдонуучулар электрондук капчыкта ири көлөмдөгү сумманы шектүү түрдө айлантып жатса биздин компания гана эмес, кайсыл гана компания болбосун милиция же башка тиешелүү тараптарга билдириши керек. Биз өз милдетибизди аткардык. Териштирүү иштери бүтүп, соттун чечими менен жарандар акчаларын алса болот. Учурда каражат аты аталган айымдын өзүнүн номурунда, тоңдурулуп турат ”,- деди Өмүрканов.

Эске салсак, 27-июль күнү алдамчылыкка шектелип “Элиза үй буюмдары” каржы пирамидасынын негиздөөчүсү менен дагы бир жаран кармалган. Анын бошотулушун талап кылып ондогон аял Свердлов райондук Ички иштер бөлүмүнүн алдында нааразычылыкка чыгышкан. Алардын нааразычылык акциясы бүгүн, 28-июлда да уланууда.