«Мегакомдун» экс-директору Акылбек Жамангулов үй камагына чыкты

«Мегакомдун» мурдагы директору Акылбек Жамангулов үй камагына чыкты. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Бишкек шаардык сотунан тастыкташты.

Маалыматка караганда, анын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча соттук отурум кечээ, 20-июнда Октябрь райондук сотунда каралып, үй камагына чыккан.

Акылбек Жамангулов 12-мартта кармалган. Ал ири алдамчылыкка шектелип, камакка алынган болчу.