Мекендештеринен 4 миң доллар талап кылган чет элдик жарандар кармалды (видео)

Мекендештеринен ири суммадагы акча талап кылган чет элдик жарандар кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында, материалдык пайда табуу максатында алдамчылык жол менен ишке орноштуруу жана тиешелүү уруксат кагаздарын каттоо шылтоосу менен кылмыштуу бүтүмгө киришип, мекендештеринин паспортторун ээлеп алып, 4 миң доллар өлчөмүндө акча талап кылган чет элдик жарандар кармалды.

Кылмыштуу жосунга тиешеси бар чет өлкөлүк адамдар кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Учурда тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.