“Мекеним Кыргызстан” партиясынан шайлоого барган талапкер УКМК тарабынан кармалды

Кечээ, 6-январда Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замирбек Тургунбаев кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалганын УКМКдан маалымдашты. “Киров айылында жайгашкан мектепти курууда аткарылган иштин көлөмүнүн баасы жалпы 24 миллион сомго ашыра көтөрүлүп көрсөтүлгөн. Андан тышкары айыл өкмөттүн башчысы мектептин эксплуатациясын сапатсыз аткарылган иши менен кабыл алган. Азыркы тапта тергөө иштери жүрүп жатат”, — деп жазылат УКМКнын маалыматында.

Замирбек Тургунбаев соңку парламенттик шайлоодо “Мекеним Кыргызстан” партиясынын тизмесинин катарында Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон эле.