Мектептин курулушу. Мэриянын Алмазбек Атамбаевге эч кандай материалдык дооматы жок

АРХИВ

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда экс-президент Алмазбек Атамбаевге козголгон эки кылмыш иши боюнча соттук териштирүү уланууда. Ал Калыс-Ордо конушундагы мектеп курууда жана Түрк жарандарына мыйзамсыз паспорт берген жана кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда.

Соттук отурумдун жүрүшүндө жабырлануучу катары мэриянын өкүлү Руслан Кудайбергенов сурак берди. Ал мектептин курулушуна байланыштуу баш калаанын Ленин райондук сотунун чечими аткарылбаганын билдирди. Тактап айтканда, материалдык зыяндын орду толтурулган эмес.

«Иш боюнча айыпталуучулардын эч кимиси келтирилген зыяндын ордун толтурган эмес. Анын суммасы 94 миллион сомду түзөт. Алмазбек Атамбаевге коюлган материалдык дооматтар боюнча Бишкек мэриясынын эч кандай дооматы жок», — деди ал.