Мелис Аспеков 3-октябрга чейин камакта калтырылды

Бүгүн, 3-августта Биринчи Май райондук сотунда жарандык активист Мелис Аспековдун жазык иши каралды. Бул тууралуу аталган райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүнкү соттук отурумда сот тарабынан жабырлануучу Мирзомудинов суракка алынган.

«Андан сырткары, Жазык-процесстик кодексинин 274-беренесинин талабына ылайык иштин соттук териштирүү мөөнөтү жана айыпталуучуга карата тандалган бөгөт коюу чарасы соттук териштирүү мөөнөтүнө, башкача айтканда 3-октябрга чейин узартылды. Бул ишке бөлүнгөн убакыт соңуна чыгып калгандыгына байланыштуу, соттук отурум ушул жылдын 7-сентябрь күнүнө саат 15:00гө жылдырылды»,- деп айтылат маалыматта.

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын кызмат адамдарынын арызынын негизинде жарандык активист Мелис Аспеков менен блогер Улан Жураевди УКМК кармаган. Алар Финпол аркылуу текшертебиз, ишкананын жетекчилигине каршы митинг уюштурабыз деген коркутуулар менен 250 миң доллар пара талап кылганы айтылган. Жураев үй камагына чыгарылып, Аспеков камакка алынган болчу. 21-майда Мелис Аспеков УКМКнын тергөө абагынан Бишкектеги №1 убактылуу тергөө абагына которулган. Ошол эле күнү анын баш коргоо чарасы каралып, 20-июлга чейин камакка алынган.