Мелис Аспеков камакта калтырылды

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда пара талап кылган деп айыпталган активист Мелис Аспековго карата кылмыш иши каралууда. Жыйындын жүрүшүндө айыпталуучунун жактоочусу Сергей Манукян кардарынын баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен кайрылды.

Кеңешме бөлмөсүнөн чыгып, судья Марат Сыдыков Мелис Аспеков 2022-жылдын 30-январына чейин камакта боло турган токтомду окуп берди.

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын кызмат адамдарынын арызынын негизинде жарандык активист Мелис Аспеков менен блогер Улан Жураевди УКМК кармаган. Алар Финпол аркылуу текшертебиз, ишкананын жетекчилигине каршы митинг уюштурабыз деген коркутуулар менен 250 миң доллар пара талап кылганы айтылган. Жураев үй камагына чыгарылып, Аспеков камакка алынган болчу. 21-майда Мелис Аспеков УКМКнын тергөө абагынан Бишкектеги №1 убактылуу тергөө абагына которулган. 11-августта  Мелис Аспековдун жүрөк оорусу кармап, Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылган. Ал эми сентябрь айында жүрөгүнө операция жасалган.