Мелис Аспеков: «Мен өзүмдү 100 пайызга акмын деп эсептейм»

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда жарандык активист Мелис Аспековдун пара талап кылуу кылмыш иши каралууда. Отурум башталганга чейин Аспеков өзүн күнөөлүү деп эсептебей тургандыгын билдирди. Анын айтымында, УКМК тарабынан кармалгандагы тараган видео чындыкка дал келбейт.

“Мен 100 пайыз күнөөлүү эмесмин. УКМК мени кармагандагы тараган видеодо мени жерге жаткырып коюшат. Бирок атайын кызматтын кызматкерлери мындай кылышкан эмес. Алар менин үйүмө келишти. Үйдө 3 миң же 5 миң доллардын тегерегиндеги акча бар болчу, ал акчалар камерага саналган. Мени накталай акча менен кармашкан деп айтылган. Ал эми тергөөдө мага 250 миң долларды бөлүп-бөлүп алып келишкендигин көрсөтүшүүдө. Эгер чындыгында ушундай болсо, мени эмне үчүн накталай акча менен кармашкан жок? Акчаны мен өзүм көрсөткөм, ага белги коюлган эмес болчу”, — деди Мелис Аспеков.

Ушул жылдын январь айында «Кыргыз темир жолу» ишканасынын кызмат адамдарынын арызынын негизинде Мелис Аспеков менен блогер Улан Жураевди УКМК кармаган. Алар Финпол аркылуу текшертебиз, ишкананын жетекчилигине каршы митинг уюштурабыз деген коркутуулар менен 250 миң доллар пара талап кылганы айтылган. Кийин Мелис Аспековго карата дагы бир кылмыш иши ачылганы белгилүү болуп, ал алдамчылыкка шектелип жатканын УКМКдан билдиришкен. 22-майда Биринчи май райондук сотунун чечими менен жарандык активист СИЗО-1ге которулган.