Мелис Аспековдун иши. Айыпталуучу эмнеге Садыр Жапаровго чалганын айтты

Бишкектин Биринчи Май райондук соту пара талап кылуу жана алдамчылык боюнча айыпталган активист Мелис Аспековго карата кылмыш ишин кароону улантууда. Айыпталуучу сурак берип жатканда, анын 2020-жылдын октябрь айында ошол убакта премьер-министр болуп турган Садыр Жапаровго телефон чалганы белгилүү болгон.

Анын айтымында, «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчиси Василий Дашков өзү мамлекет башчы менен байланышууну суранган. «2020-жылдын октябрь айында мен Чүй облусу боюнча координатор болдум. Мага Дашков өзү келип «мени аны менен тааныштырыңыз, телефон аркылуу байланыштырыңыз» дегенде мен видео чалуу менен байланыштырдым. Улан Жураевден Дашковдон алган акча кайда деп сурадым. Ал көзүн ала качып, унчукпай отурат», — деди Мелис Аспеков.

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын кызмат адамдарынын арызынын негизинде жарандык активист Мелис Аспеков менен блогер Улан Жураевди УКМК кармаган. Алар Финпол аркылуу текшертебиз, ишкананын жетекчилигине каршы митинг уюштурабыз деген коркутуулар менен 250 миң доллар пара талап кылганы айтылган. Жураев үй камагына чыгарылып, Аспеков камакка алынган болчу. 21-майда Мелис Аспеков УКМКнын тергөө абагынан Бишкектеги №1 убактылуу тергөө абагына которулган. 11-августта  Мелис Аспековдун жүрөк оорусу кармап, Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылган. Ал эми сентябрь айында жүрөгүнө операция жасалган.