«Мен аны жакшы көрөм». Лебединовкада уурдалды делген кыз өз эрки менен кошо кеткенин билдирди (видео)

Чүй облусунун Лебединовка айылындагы «Шекер» дүкөнүнүн алдында уурдалды делген 26 жаштагы Изат Курбанованын ата-энесине жиберген видеосу соцтармактарга тарады. Анда кыз көп убакыттан бери тааныш болгон жигит менен өз эрки менен кошо кеткенин билдирген.

Анын айтымына караганда, жигити экөөнүн мамилесине ата-энеси каршы болуп жүрүшкөн.

«Ата, апа, менде баары жакшы. Мен туура эмес кылдым, билем. Апа сиз билесиз го, мен аны жакшы көрөм. Мен дайыма айтчумун. Мен муну өзүм кааладым. Абдумалик мени уурдаган жок, мен өз эрким менен кошо кеттим. Мени кечиргиле!» — деди ал.