«Мен аны ойготууга аракет кылгам». Орусияда кыргызстандык таксист зордуктоого аракет кылды деп айыпталууда

Орусияда «Миссис Сибирь — 2016» сулуулар сынагынын финалисти Виктория Головко кыргызстандык таксистти зордуктоого аракет кылган деп айыптады.

«Аргументы и факты» басылмасынын 5-июлдагы маалыматына караганда, окуя Новосибирск шаарында болгон. 10-июнга караган түнү жолдошу экөө туулган күнүн ресторанда белгилешкен. Таңкы саат бештер чамасында күйөөсү ага такси чакырып, өзү жумушуна кеткен. Аялдын айтымында, таксист ачкычтарды издей баштаганда ага кол салган.

Анын айтымында, кыргызстандык анын көйнөгүн айрып, ич кийимин чечүүгө аракет кылган. Аял каршылык көрсөтө баштаганда, жаран оозуна соккон. Головко белгилегендей, эгерде жакындап келе жаткан унаа болбосо, аны зордуктап салмак. Натыйжада милиция кызматкерлери тарабынан 18-июнь күнү Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренеси (зордуктоого аракет кылуу) боюнча шектүү делип кыргызстандык кармалган. Ал күнөөсүн мойнуна алган эмес. Унаада уктап калган аялды ойготууга аракет кылганын айткан.