«Киши өлтүрүп, кутулуп кеткем. Сенин үй-бүлөң менен да ушундай болот» деп коркутту» дейт зордукталдым деген 20 жаштагы кыз

6-декабрда милиция маалымат таратып, Сокулукта 16 жаштагы кыздын зордукталганын, кылмышка шектелип 31 жаштагы жаран кармалганын билдирген. Кыздын атасы жаран жол тосуп турган кызын жумушуна жеткирип коюну убадалап, жолдон күч колдонуп, зордуктап салганын билдирген. Ошол эле учурда коомчулукта шектүү буга чейин да жаш кызды зордуктаганы желдей тараган.

SuperTV телеканалына атын атагысы, жүзүн көрсөткүсү келбеген 20 жаштагы кыз кайрылып, дал ошол Сокулуктагы кызды зордуктады делген жаран тарабынан зордукталганын айтты. Анын айтымында, ага күч колдонуу 2 жыл мурун, тактап айтканда кыз жаңы 18 жашка толгондо болгон. Аны дал ошол жаран үйүнө ала кетем деп алдап, зордуктап, ур-токмокко алган. «Ал мени буга чейин киши өлтүргөм, анын баарынан качып кеткем, арыз жаза турган болсоң, бул сенин үй-бүлөң менен да байланыш болот, мен акча менен кутулуп кеткем деп коркуткан. Мен ага чейин эле кыздарды зордуктап, акча менен бүтүрүп жүргөнүн, иниси да ошондой кылган деп укканмын. Атасынын да жөн жүрбөгөнүн укканмын. Мен да коркуп, эч кимге айта алган эмесмин. Кийин жигитиме айттым, ал арыз жаз деди. Анын Москвага кеткенине 5 ай болуп калган. Мени коркутту десем, унчукпай калды. Үй-бүлөмө айткан жокмун. Андан кийин ал кишини 3 күндөн кийин көрдүм. Эч нерсе болбогондой учурашты. Мен сыздап, ошол окуя түшүмө чейин кирип жүрдү», — деди ал.

Каарманыбыз андан кийин да кол салуу болгонун айтты. «Үйдүн алдында турганбыз. Жигитимдин туулган күнү болчу. Тиги өтүп бараткан, жигитимди тааныйт экен. Анан эле бирөөгө акча берип келе калалы деди. Мен жок десем, жигитим мен бармын го, бара берели деди. Бардык. Жигитим да, тиги киши да ичишти. Анан унааны мен айдап келгем. Сокулукту көздөй түштүк, ошол жерден ызы-чуу башталды. Ошол жерден жигитим айтты, «мурда ушундай кылбадың беле, дагы кылгың келип жатабы?» деп. Ошол жерден экөө мушташып кетишти. Анан мени зордуктаган кишинин инилери келди. Тиги киши иниси менен жигитимди айылга «аракка барып келгиле» деп кууп ийди. Анан мен эле калып калдым, тиги киши менен. Ал унаасын башка жакка айдап жөнөдү. Ошол жерден да күч колдонгон. Бирок жигитиме чалып жетиштим, алар келе калышкан», — деди ал.