«Мен симулянт эмесмин». Атамбаев айнек тосмону дагы тепкилеп, сот залынан чыгарылды (видео)

Бүгүн, 11-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Октябрь окуясы боюнча соттук отурум өтүп жатат.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев райондук сотко алып келинди. Ал протест көрсөтүү иретинде айнек тосмону дагы тепкилеп, аны судья сот залынан чыгарды. Ал медициналык текшерүүгө муктаж экенин айтты. «Мен симулянт эмесмин. Бул соттук процесс «позор». 5-октябрда, 9-октябрда эл чыкпаса, Соке кетет беле? Садыр дагы эле түрмөдө отурмак. Ошол балдарга рахмат айтышы керек», — деди Атамбаев сотто.