«Мен ушунча жашаганыма ыраазымын, буюрса бейиштен жолугабыз». Ошто асылган абалда табылган кыздын акыркы каты

21-июнда Ош шаарында 17 жаштагы кыз турникке асылган абалда табылган. Анын жакындарынын эч кимге доосу жок экенин билдирип, соттук-медициналык экспертизага берүүдөн баш тартышкан. Кыз өлүм алдында курбуларына кат жазып калтырган. Ош ШИИБден билдиришкендей, катта «Мен ушунча жашаганыма ыраазымын, буюрса бейиштен жолугабыз» деген жазуу болгон. Ош ШИИБ кыздын эмне үчүн мындай кадамга баргандыгын аныктоо боюнча тергөө иштери уланып жаткандыгын маалымдады.

Ал эми Ош технологиялык университетинин ректорунун милдетин аткаруучу Жумакадыр Матисаков студенти боюнча төмөнкүлөргө токтолгон: «Бул кыз биздин университеттин алдындагы Гуманитардык технологиялык колледжинин архитектура бөлүмүнүн студенти болчу. Быйыл 1-курсту аяктаган. Курбу кыздарына кат таштаптыр деп жатышат. Курбуларынан кабарым деле жок экен. Аны тергөөчүлөр жакшы билет болушу керек. Бул окуя студенттер сессияны бүтүрүп, эс алууга кеткенден кийин болуп жатат».

Жергиликтүү «Турмуш» басылмасы окуя болгон жерден сүрөттөрдү жарыялады.