«Мени бардык жерде жакшы тосуп алышат». Алмазбек Атамбаев аны 27-абакта кандай тосуп алышканын айтты

Бүгүн, 19-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге тагылган эки айып боюнча соттук отурум өтүп жатат. Сотко мурдагы президент жеткирилди.

Буга чейин судья сырттан келген адамдарды, анын ичинде журналисттерди да залдан чыгууну суранган. Буга мамлекеттик айыптоочу жашыруун материалдар боюнча арыз жазгысы келгени себеп болгон. Анын айтымында, ал жерде мамлекеттин кызыкчылыгы козголот. Сырттан келгендер чыгарылып кеткенден кийин мурдагы мамлекет башчы да чыкты. Мындан тышкары сотко Тез жардам кызматы келген.

Алмазбек Атамбаев аны Молдовановкадагы абакта кандай тосуп алышты деген суроого «мени эл бардык жерде жакшы тосуп алышат» деп жооп берди.