«Мени кемсинтип келишкен». Жалал-Абадда асынган абалда табылган жаш келиндин акыркы каты

Токтогул районунда 2-ноябрда саат 16:00 чамасында 1997-жылы туулган келиндин жансыз денеси өзү жашаган үйүнүн короосундагы мал сарайдын ичинде жипке асылган абалда табылган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Милиция окуя болгон жерге барып, жансыз денеге сыртынан кароо жүргүзгөн учурда анын денесинде шектүү криминалдык жаракаттары жана белгилери жок экендиги аныкталган. Бул факты Токтогул РИИБге катталып, Жазык кодексинин 136-беренеси (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) менен сотко чейинки өндүрүшү башталган.

Жаш келиндин каза болушуна эмне себеп болгондугун аныктоо максатында сотко чейинки өндүрүшү боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалган. Ошондой эле окуя болгон жерге кароо жүргүзүү мезгилинде келиндин жолдошу 1991-жылы туулган жаранга таандык болгон уюлдук телефон табылган. Анын ичине кароо жүргүзүүдө Ватсап аркылуу жазышуулары болгон. Келин өлүм алдында дептер барагына жазылган кат жөнөткөн. Ал катта ушул кадамга барышынын себеби жолдошу жана жеңеси экени айтылып, аларды күнөөлөгөн. Алардын келинди кемсинтип келишкенин көрсөткөн. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.