«Садыр Жапаровдун башынан өткөндөй мага да СИЗО-1де кол салуу болушу мүмкүн». Аспеков УКМКнын тергөө абагынан которулушу жөнүндө эмне дейт?

Кечээ, 21-майда жарандык активист Мелис Аспеков УКМКнын тергөө абагынан Бишкектеги №1 убактылуу тергөө абагына которулган. Сот анын баш коргоо чарасын карап, 20-июлга чейин камакка алуу чечимин чыгарды.

Мелис Аспековду сот залынан алып чыгып баратканда ага козголгон экинчи кылмыш ишин жасалма иш деп, №1 тергөө абагына которулушун коркутуу деп атаган.

«№1 тергөө абагына алып кетип жатышат. Садыр Жапаровго ал жактан кол салуу болгонун билесиңер да. Мага дагы кол салуу болушу мүмкүн. Мени №1 тергөө абагына которууга эч негиз жок болчу. Коркутуш үчүн алып кетип жатышат. Жалган эле бир ишти токуп ошол жакка которушууда. Беш жыл мурун ал батирдин ээси каякта эле?» — деди ал.

Буга чейин Мелис Аспеков менен блогер Улан Жураев «Кыргыз темир жолу» ишканасынын кызмат адамдарынын арызынын негизинде УКМК тарабынан кармалган. Алар Финпол аркылуу текшертебиз, ишкананын жетекчилигине каршы митинг уюштурабыз деген коркутуулар менен 250 миң доллар пара талап кылганы айтылган. Жураев үй камагына чыгарылып, Аспеков камакка алынган болчу.