Metro Pub түнкү клубу жайгашкан имарат мамлекетке өттү

317 миллион 106 миң сомдук имарат мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан мамлекеттик мүлктү белгиленген тартипте жеке менчикке өткөрүп берүү жана кайтарып берүү фактыларын аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Бишкек шаарынын борборунда жайгашкан тарых эстеликтерине тиешелүү объектти мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы аныкталып, жыйынтыгында баасы 317 миллион 106 миң сом турган мүлк мамлекеттин балансына өткөрүлүп берилди. Тактап айтканда, Советтер Союзу кулагандан кийин, менчиктештирүүнүн жалпы толкунунда «Тунгуч» жаштар драма театры жайгашкан имарат ошол учурда колдонулуп жаткан мыйзам талаптарын бузуу менен менчикке берилгени аныкталды.

Аталган мүлк тарыхый жана маданий эстелик болуп саналат, мамлекеттин коргоосунда турат жана коомдук оюн-зоок жана социалдык-маданий максаттар үчүн гана имарат катары пайдаланылышы мүмкүн. Ошондой эле, бул имаратта көп жылдар бою түнкү клуб иштеп келген.

Мүлктү мамлекеттин атынан мыйзамдуу ээсине кайтарып берүү максатында УКМК тарабынан менчик ээси менен профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп, анын натыйжасында 23-сентябрда уюштуруучу жана ээси 100% акциясын өз ыктыяры менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине өткөрүп берди.