Милиция кызматкеринин тапанчасынан каза болгон айдоочу. Окуянын күбөсү эмне дейт? (видео)

27-августта саат 21:30 чамасында Бишкек шаарынын Свердлов районунун ички иштер башкармалыгына Жибек Жолу проспектиси менен Гоголь көчөсүнүн кесилишине жакын жердеги мечиттин жанында ок атылып, айдоочу көз жумган.

Социалдык тармактарга күбөнүн окуя тууралуу айтып жаткандагы видео тарады.