Милиционерлер пара менен кармалды (видео)

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын эки кызматкери пара алып кармалышты. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын басма сөз катчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган милиция кызматкерлери Бишкек шаарынын тургунунан анын кылмыш ишин жаап беребиз деп 100 миң сом талап кылышкан. 2-мартта ал адамдан акчанын бир бөлүгүн, тагыраагы, 75 миң сомун алышкан. Ал эми калган 25 миң сомду алып жаткан учурунда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы менен ИИМдин ички иликтөө кызматтары кармоого алышкан.

Учурда аталган факты боюнча кылмыш иши ачылып, кармалган эки милицияга сотко чейинки териштирүү Жазык кодексинин 326-беренеси («Пара талап кылуу») боюнча иш козголду.