Милиция: «3-класстагы окуучуну 14 жаштагы өспүрүмдүн зордуктоого аракет кылуусу тууралуу маалымат калп»

«3-класстагы окуучуну 14 жаштагы өспүрүмдүн зордуктоого аракет кылуусу тууралуу маалымат калп». Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы маалымат таратты.

Буга чейин айрым жергиликтүү басылмаларда Бишкек шаарынын тургунунун кайрылуусу жарыяланып, анда Ленин районунда жайгашкан мектептердин биринде анын 10 жаштагы кызын 14 жаштагы окуучу зордуктоого жана өлтүрүүгө аракет кылганы жазылган. Апасынын айтымында, кыз катуу сабалган жана мектептин короосунда эсин жоготкон абалда жаткан. Кайрылууда Ленин райондук милициясынын кызматкерлери шалаакылык кылып жатканы сөз болуп, шектүү эркиндикте экендиги айтылган.

Бишкек шаардык милициясынан өспүрүмдүн ата-энеси каза болгонун жана ал бир тууган агасынын кароосунда экенинин билдиришти. Кызды сабоого шектелген өспүрүм милицияга жеткирилип, анын үстүнөн «бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Жабырлануучу шаардык балдар ооруканасында дарыгерлердин көзөмөлүндө. Азыркы тапта бардык фактыларды аныктоо боюнча тийиштүү тергөө иштери жүрүп жатат. Соттук экспертизанын жыйынтыгынан кийин өспүрүмдүн аракеттерине кошумча юридикалык баа берилет.