Милиция: «41 жаштагы Оштун тургуну коногунун колунан каза болду»

41 жаштагы Ош шаарынын тургуну келген коногунун колунан каза болду. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын 31 жаштагы тургуну кармалды. Шектүү кылмыш болгон жерден чыгып, унаа тосууга жолдо бара жатканда милиция кызматкерлери тарабынан кол түшүрүлгөн.

Алгачкы тергөө иштеринин жүрүшүндө маалым болгондой, аталган шектүү жаран Ош шаарында жашаган 41 жаштагы таанышынын үйүнө конокко келип, бир нече бөтөлкө спирт ичимдиктерин ичишкен соӊ үй ээси менен чырдашып, мушташа кетишкен. Ал үй ээсин уруп, андан соӊ балта менен чаап өлтүрүп койгон. Окуя 6-май күнү саат 03:00 чамасында болгон. Адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Шектүүнүн бөгөт чарасы каралып, тергөө аяктаганга чейин камакка алынды.