Алай жана Кара-Кулжа районундорунда сел жүргөн аймакта милиция кызматкерлери коопсуздук чараларын көрүшүүдө. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан маалымдашты.
Кечээ, 3-май күнү саат 16:00 чамасында Алай жана Кара-Кулжа районунун аймагында аба-ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу жамгыр жаап сел жүргөн. Алай районунун Корул айыл аймагынын Биринчи-Май айылындагы унаа өтүүчү көпүрөнүн жарымын Корул дарыясынан келген сел алып кеткен. Учурда Корул айыл аймагынын Биринчи-Май айылын, Тогуз-Булак, Олжоке жана Кең-Жылга айылдары менен туташтырган каттам үзгүлтүккө учурады. Ошол эле айылдын Тогуз-Булак айылында жылгадан түшкөн сел жол четиндеги 2 электр мамысын жараксыз абалга чыгарып, 7-8 жарандын үйлөрүнүн короосуна сел кирип, жайыттан 3 баш бодо малды агызып кеткен. Учурда бодо малдын ээлери ким экендиги такталууда. Коңур-Дөбө айыл аймагынын Боз-Караган жана Кара-Шоро айылдарында, Жошолу айыл аймагынын Үч-Чат айылында, Гүлчө айыл аймагынын Курманжан-Датка айылында тоо жылгаларынан түшкөн сел бир нече жарандын үйүнүн короосуна кирип, чарбактарын жууп кеткен. Жергиликтүү тургундардын турак жайлары жана мамлекеттик имараттары зыянга учурагандыгы боюнча тактоо иштери жүрүп жатат. Аталган табигый кырсык Алай РИИБдин маалыматтарды каттоо журналына катталган. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Кара-Кулжа районунда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Чалма айыл аймагынын Буйга айылынын Беш-Кемпир чегинде кокту-колоттордон түшкөн сел саат 18:00 чамасында 2020-жылы курулган унаа көпүрөнү толугу менен алып кеткен. Жабыркагандар жок. Бул жагдай боюнча маалымат Кара-Кулжа РИИБнин маалыматтардын электрондук журналына катталып, териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.