Милиция алдамчылыкка шектелген жалгыз бой эне эмне үчүн камакка алынганын айтты

Асыл Талипова өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелүүдө, келтирилген зыяндын жалпы суммасы 904 миң 750 долларды түзгөн. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кечээ, 1-октябрда анын адвокаты Канат Хасанов кардарын колдоо үчүн жалгыз пикетке чыгып, ал аял 6 баласы бар жалгыз бой эне экенин айтты. Адвокат милицияны мыйзамсыз аракеттерге айыптаган эле.

Тергөөнүн версиясы боюнча, 1981-жылы туулган Ысык-Көл облусунун тургуну өзүн капиталдык курулуш компаниясынын негиздөөчүсү катары көрсөтүп, жарандардан акча алган. Учурда 18 жабырлануучу аялдын үстүнөн арыз жазышкан. Келтирилген зыяндын суммасы аларга кайтарылган эмес. Кошумчалай кетсек, жабырлануучулар Талипованын мыйзамсыз аракеттери боюнча бир нече жолу ар кандай органдарга кайрылган. Ошондой эле, милиция аял эмне үчүн камакка алынганын айтты. 28-сентябрда Талипованын катышуусу менен тергөө аракеттери болуп өткөн. Ал камакка алынган эмес, ошондуктан ал тергөөчүдөн суранып кетип калган. Жыйынтыгында, милиция шектүүнүн кайда экенин аныкташы керек болгон. Кийин кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (ири өлчөмдөгү алдамчылык) боюнча шектүү катары убактылуу кармоочу жайга киргизилди. «30-сентябрда Октябрь райондук соту кармоону мыйзамдуу деп таап, эки айга СИЗО-1ге камакка алды», — деп кошумчалашты милициядан.

Басма сөз кызматынан белгиленгендей, Асыл Талипова буга чейин алдамчылык боюнча соттолгон.