Милиция: Баткен ОИИБинин башчысынын орун басарын өлтүрүүгө шектүү жакында эле түрмөдөн чыккан

Бүгүн, 27-март күнү саат 11:17 чамасында милицияга Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнөн көкүрөгүнөн жаракат алып, 1974-жылы туулган жарандын каза болгондугу боюнча маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан маалымдашты.

Милиция кызматкерлери ооруканага барганда Баткен ОИИБинин начальнигинин орун басары милициянын подполковнигинин жансыз денесин белгисиз жарандар Honda Odyssey үлгүсүндөгү автоунаада жандандыруу бөлүмүнө таштап кетишкендигин билдиришкен. Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө мурда бир нече жолу соттолуп, жакында кылмыш жазасынан бошоп келген Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын 34 жаштагы тургуну маркумдун жээни учтуу нерсе менен көкүрөк тушуна сайгандыгы аныкталган.

Милиция кызматкерлери кылмыштын изи сууй электе Кадамжай шаарынын Пульгон айылынан кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында изин жашырып жүргөн жеринен 34 жаштагы жаран жана анын кылмыштуу шериктери кармалды. Азыркы күндө алынган учтуу зат боюнча экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин Баткен облустук милициясынан Аскарали Мухамадиевдин 47 жашында каза болгонун маалымдашып, жергиликтүү басылмалар анын киши колдуу болгонун жарыялашкан болчу.