Милиция: Бишкекте 400дөн ашык чет элдик студенттердин иштеши токтотулду

Бишкек шаарында билим алып жаткан чет өлкөлүк студенттердин арасында жеткирүү кызматтарында иштеп, мобилдик транспортторду колдонгондордун жол кыймылынын эрежелери, чет элдик жарандардын өзүн алып жүрүү тартибин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүлүп, жыйынтыгында 400дөн ашык чет элдик студенттердин иштеши токтотулган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен маалымдашты.

12-апрелден бүгүнкү күнгө чейин милиция тарабынан, Бишкек шаарынын аймагында ишмердүүлүктүн ар кандай чөйрөсүндө иштеген чет өлкөлүк жарандар аныкталып, Кыргыз Республикасынын аймагында жашоо же иштөө эрежелерин бузгандыгы үчүн 225тен ашык протоколдор түзүлгөн жана 1 миллион 248 миң 500 сом өлчөмүндө айып салынган.