Милиция: «Бишкекте социалдык тармактарда улуттар аралык кастыкты козуткан жаран кармалды»

Бишкекте расалык, этностук, диний же аймактар ​​аралык кастыкты козутууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 2-майда социалдык тармакта активдүү колдонуучу аныкталган. Аккаунтту талдоодо анын баракчасында улуттар аралык кастыкты козутууга, ошондой эле жарандардын улутка болгон мамилесинен улам кемсинтүүнү пропагандалоого багытталган басылмалар системалуу түрдө жайгаштырылып турганы аныкталган.

Экспертизанын корутундусунун негизинде Свердлов РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси «расалык, этностук, диний же региондор аралык кастыкты (аралык) козутуу» боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектелип, 32 жаштагы жаран кармалып, камакка алынган. Тергөө уланууда.