Милиция Чүйдө блогерди кармоо учурундагы видео менен бөлүштү

Буга чейин Чүй ОИИБ опузалап акча талап кылган шектүү кармалганын билдирген.

18-апрелде 76 жаштагы адам блогерге чара көрүү өтүнүчү менен милицияга кайрылган. Анын айтымында, апрель айынын башынан бери 40 миң доллар талап кылып, болбосо видеону массалык маалымат каражаттарына жарыялайм деп коркутуп жүргөн. Опузалап алынган суммадан блогер 37,3 миң доллар алганын айткан. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 1990-жылы туулган жаран кармалды. Милиция окуянын видеосу менен бөлүштү.