Милиция: «Чүйдө эне уулунун ур-токмогунан каза болду»

Милиция Чүйдө аял уулунун ур-токмогунан каза болгонун билдирди.

Маалыматка караганда, 21-майда Чүй ОИИБге Искра айылында 1955-жылы туулган аял өзүнүн үйүндө киши колдуу болгону тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факты боюнча адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 1977-жылы туулган уулу кармалып, камакка алынган. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал мас абалында энесин сабаган, ал ур-токмоктон каза болуп калган.