Кечээ, 8-июлда соцтармактарда «Чүйдө жол кырсык катталып, скутер айдоочунун колу-буту жулунуп кетти» деген видео тараган.
Чүй облусунун жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан жол кырсык боюнча маалымат берди.
«7-июль күнү Ивановка айылынын 2000-жылы туулган туругуну күн батыштан күн чыгышты көздөй Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унаасы менен бара жаткан маалда катуу ылдамдыкта карама каршы бара жаткан скутер сүзүлүп калган. Кесепетинен скутердин 1989-жылы туулган айдоочусу ошол жерде каза болду. Мерседес Бенц унаасынын ичиндеги 1973-жылы туулган жүргүнчүсү Ивановка айылынын аймактык ооруканасына жаткырылган. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүүдө»,— деп айтылат маалыматта.